Объявляется конкурс сочинений

11 Июнь 2024
Объявляется конкурс сочинений

 

 

Кореядагы иш тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүз жана Кореяга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз!!!
Бул үчүн сиз EPS системасында иштеген тажрыйбаңызды жана Кыргызстанга кайтып келгенден кийин отурукташуу тажрыйбаңызды кыскача жазуу керек.
HRD Korea (EPS Center) 5 байгени аныктайт, башкы байге Кореяга жолдомо болот.
📩Даяр болгон эсселерди жана сүрөттөрдү epscenterkg@gmail.com же ctgr3010@gmail.com даректерине жөнөтсөңүз болот. Тандоо мөөнөтү 2024-жылдын 25-июнуна чейин.
❗️Электрондук кат жөнөтүүдө аты-жөнүңүздү жана байланыш маалыматыңызды (WhatsAppтан) калтырууну унутпаңыз.
📎Дилбаяндын темалары (мисалы):
🔻EPS системасы менин жашоомо кандай таасир этти жана ал өлкөгө кайтканга чейин жана кийин кандай өзгөрдү.
🔻Кореяда жүргөн чет элдик жумушчулардын жашоосундагы кубаныч менен кайгыны жана мекенине кайткандан кийинки позитивдүү өзгөрүүлөр жөнүндө.
🔻Кореядан иштеп, мекенине кайткандан кийин бизнес ачуудагы ийгиликке жеткен учурлар.
🔻Экономикалык кыйынчылыктарды жеңүү процесси, корейлердин терс көз караштары жана жумушта ийгиликке жетүү, ошондой эле бул процесстин үйдөгү жашоого тийгизген таасири.
🔻Кореядагы чет элдик жумушчулардын түшүнүгүн жакшырта турган тажрыйбалар жана өз мекенинде корей компанияларында иштөөнү каалагандарга таасир эткен учурлар ж.б.