Ош шаары боюнча 2024-жылга корей тилин билүү деңгээлин аныктоо тестирлөөнүн графиги жарыяланды

12 Апрель 2024
Ош шаары боюнча 2024-жылга корей тилин билүү деңгээлин аныктоо тестирлөөнүн графиги жарыяланды

2024-жылдын 24-апрельден тарта  27- апрельге чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Корея Республикасынын ишке орноштуруу жана Эмгек министрлигинин  ортосундагы Меморандумдун алкагында  Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасына ишке орноштуруу үчүн 2024-жылына корей тилин билүү деңгелин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүлөт.

 

1) Тестирлөө Ош ш.Н.Исанов көч., 81, (М.М. Адышев атындагы ОшТУ имаратында)  дареги боюнча графикке жана ырааттамага ылайык жүргүзүлөт;

2) Кыргыз Республикасынын жарандары тестирлөөгө катышууга жарандык (чет элдик) паспортунун түп нускасын жана 28 АКШ доллары төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны көрсөтүү менен уруксат берилет.

 

ТИЗМЕ Ош ш.