2023-жылга корей тилин билүү деңгээлин аныктоо тестирлөөнүн графиги жарыяланды

19 Сентябрь 2023
2023-жылга корей тилин билүү деңгээлин аныктоо тестирлөөнүн графиги жарыяланды

2023-жылдын  25-сентябрдан - 8-октябрьга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Корея Республикасынын ишке орноштуруу жана Эмгек министрлигинин  ортосундагы Меморандумдун алкагында  Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасына ишке орноштуруу үчүн 2023-жылына корей тилин билүү деңгелин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүлөт.

 

Сиз өзүңүздү таба аласыз

 

Бишкек ш. ТИЗМЕ

 

Ош ш. ТИЗМЕ

 

1) Тестирлөө Бишкек ш.Токтогул көч., 237 жана Ош ш. Исанова к., 81 ОШТУ имаратында,  даректер боюнча графикке ылайык жана ырааттамага ылайык жүргүзүлөт;

 

2) Жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорттун түп нускасын көрсөткөндө гана КР жарандары тестирлөөгө катышууга уруксат берилет.