(EPS-TOPIC) 2024-жылга корей тилин билүү тестине катышуу үчүн онлайн каттоо 4-7-мартка чейин ачык

04 Март 2024
(EPS-TOPIC)  2024-жылга корей тилин билүү тестине катышуу үчүн онлайн каттоо 4-7-мартка чейин ачык

 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору EPS программасы боюнча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылганын маалымдайт. 

 

EPS программасы талапкерлердин корей тилин билүү деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн текшерүүнү, ошондой эле иш берүүчүлөрдү табууга жана керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүүнү камтыйт.

 

Тестке катышуу үчүн www.migrant.kg расмий сайтында катталып, төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыруу керек:

  • gmail.com почтасы менен акаунт;
  • Сүрөт, ак фондо 3,5х4,5 өлчөмүндө, акыркы алты ай ичинде (100-300 пиксел, 15 МБ ашык эмес, JPG формат);
  • Чет элдик паспорт (600 пиксел, өлчөмү 15МБ);
  • Тестке катышуу үчүн $28 төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын сүрөтү (15МБ).

Бардык документтер түшүнүктүү жана окула турган болушу керек. Төлөмдүн квитанциясы өзүңүзгө сактап, тестирлөө күнү Борборго тапшырылат. Тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Каттоодон өтүүдө тиешелүү шилтемени тандоо керек:

 

 “БИШКЕК ШААРЫНА КАТТОО” 

 

 “ОШ ШААРЫНА КАТТОО”.

 

!!КӨҢҮЛ буруңуз!Арыз бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.

 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар жарандарын бул уникалдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга жана EPS программасынын алкагында тестирлөөгө катышууга чакырат. Бул Корея Республикасында татыктуу жумушка жана кирешеге ээ болуу, ошондой эле билимиңизди жана жөндөмүңүздү жогорулатуу мүмкүнчүлүк берет.

 

Банк реквизиттери:

28 АКШ доллар (корей тилин билүү тести учун)

 

Мекеменин аталышы: КР ФМ борбордук казыналыгы

Банктын аталышы: ОАО РСК Банк

Расчеттук счету: 1299005030100020

БИК: 129001

Төлөм коду:14233100

Өздүк эсеп: 4402051102002435

Төлөмдүн максаты: өздүк эсеп: 4402051102002435 корей тилин билүү тестин үчүн (Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору).

 

Маалымат үчүн:

28-март - Графиктин жарыяланган күнү (каттоодон ийгиликтүү өткөндөрдүн тизмеси)

4-апрелден 12-майга чейин – Тестирлөөнүн болжолдуу мөөнөтү

17-май – Тесттин жыйынтыгын жарыялоо

25-26-май - SKILLS-TEST өткөрүү алдын ала датасы

 

EPS программасы тууралуу кошумча маалыматты www.migrant.kg сайтынан же (0312) 65-02-51 Бишкек, (03222) 5 66 32 Ош телефондору боюнча алсаңыздар болот.