Польшагага сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн катталуу

04 Декабрь 2023
Польшагага сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн катталуу

Урматтуу жумуш издөөчүлөр,

Польшагага сезондук айыл чарба жумуштарына  

«PRO FORCE» операторуна каттоо жөнүндө жарыялайбыз 

 

Жумуш жөнүндө : түшүм жыйноо, таңгактоо.

Иш тартиби: жумасына 5-6 күн; буйруктарга жараша күнүнө 8-12 саат.

Маянанын ставкасы: саатына 24,30 поляк злотысы.

Төлөмдөр: жумасына бир жолу.

Турак жай: жатакана, бөлмөдө 2-6 адам, жалпы ашкана жана жуунучу бөлмө.

Турак жайдын баасы: жумасына 94,50 поляк злотысы.

 

Эске сала кетсек, тандоону толугу менен «PRO FORCE» оператору жүргүзөт, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.

 

Каттоо онлайн сервис аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлөт.

 

«PRO FORCE» оператор аныктаган өтүнмөлөрдүн керектүү саны толгондо каттоо автоматтык түрдө жабылат.

 

Каттоодон өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык колдонуудагы (чет өлкөлүк) паспорту жана электрондук почтасы болушу зарыл.

 

Андан соң каттоодон өткөн талапкерлер электрондук почтага ийгиликтүү катталгандыгы тууралуу билдирүү алышат.

 

Билдирме бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.

 

Катталгандар үчүн аңгемелешүү № 18 кесиптик лицейинде (Бишкек ш., мкр. Тунгуч, Анкара көчөсү 2А дареги боюнча) өткөрүлөт.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн ишеним телефонуна кайрылсаңыз болот+996 559 189 900 

КАТТАЛУУ