Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн катталуу

04 Декабрь 2023
Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн катталуу

Урматтуу жумуш издөөчүлөр,

Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына  

«PRO FORCE» операторуна каттоо жөнүндө жарыялайбыз 

 

Эске сала кетсек, тандоону толугу менен «PRO FORCE» оператору жүргүзөт, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.


Дагы бир жолу эскерте кетели, Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт!

Улуу Британияга сезондук жумушка ишке орноштурууга акча талап кылган  коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!

 

Каттоо онлайн сервис аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлөт.

 

Улуу Британиянын Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген оператор аныктаган өтүнмөлөрдүн керектүү саны толгондо каттоо автоматтык түрдө жабылат.

 

Каттоодон өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык колдонуудагы (чет өлкөлүк) паспорту жана электрондук почтасы болушу зарыл.

 

Андан соң каттоодон өткөн талапкерлер электрондук почтага ийгиликтүү катталгандыгы тууралуу билдирүү алышат.

 

Билдирме бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.

 

Катталгандар үчүн аңгемелешүү № 18 кесиптик лицейинде (Бишкек ш., мкр. Тунгуч, Анкара көчөсү 2А дареги боюнча) өткөрүлөт.

 

 

КАТТАЛУУ