Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн катталуу

06 Февраль 2024
Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн катталуу

Урматтуу жумуш издөөчүлөр,

Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына  

«Hops Labor Ltd» операторуна каттоо жөнүндө жарыялайбыз 

 

Эске сала кетсек, тандоону толугу менен «Hops Labor Ltd» оператору жүргүзөт, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.


Эскертүү Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт!

Улуу Британияга сезондук жумушка ишке орноштурууга акча талап кылган  коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!

 

Каттоо онлайн сервис аркылуу онлайн форматында жүргүзүлөт.

 

2024-жылдын 6-январында саат 21:00 каттоо автоматтык түрдө жабылат.

 

Каттоодон өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык колдонуудагы (чет өлкөлүк) паспорту жана Gmail электрондук почтасы болушу зарыл.

 

Билдирме бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.

 

Онлайн каттоодон өткөндөн кийин, оператор Hops Labor Ltd талапкерлерди кылдат алдын ала тандоо өткөрөт. Бул тандоо жашы (18-45), (Gmail гана) почтаны колдонуу, берилген электрондук почтанын тууралыгы, ошондой эле Hops Labor Ltd оператору тарабынан аныкталган башка бир катар критерийлерди камтыйт. Андан соң тандалган жарандардын тизмелери Борбордун www.migrant.kg расмий сайтында жарыяланып, анда онлайн тестирлөөнүн экинчи этабынын убактысы жана датасы да көрсөтүлөт. Бул этапты ийгиликтүү өткөн талапкерлер бетме бет маектешүүгө чакырылат.

 

КАТТАЛУУ