Кореяга жумушка орношуу үчүн EPS тестине онлайн каттоо 4-марттан 7-мартка чейин ачык болот

29 Февраль 2024
Кореяга жумушка орношуу үчүн EPS тестине онлайн каттоо 4-марттан 7-мартка чейин ачык болот

2024-жылдын 4-мартынан 7-мартына чейин EPS программасы боюнча тестирлөөгө онлайн каттоо жүргүзүлүп, Корея Республикасында ишке орношууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдайт. 

EPS программасы талапкерлердин корей тилин билүү деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн текшерүүнү, ошондой эле иш берүүчүлөрдү табууга жана керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүүнү камтыйт.

 

Тестке катышуу үчүн www.migrant.kg расмий сайтында катталып, төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыруу керек:

  • gmail.com почтасы менен акаунт;
  • Сүрөт, ак фондо 3,5х4,5 өлчөмүндө, акыркы алты ай ичинде (100-300 пиксел, 15 КБ ашык эмес, JPG формат);
  • Чет элдик паспорт (600 пиксел, өлчөмү 100 КБ);
  • Тестке катышуу үчүн $28 төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын сүрөтү.

Бардык документтер түшүнүктүү жана окула турган болушу керек. Төлөмдүн квитанциясы өзүңүзгө сактап, тестирлөө күнү Борборго тапшырылат. Тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Каттоодон өтүүдө тиешелүү шилтемени тандоо керек: “БИШКЕК ШААРЫНА КАТТОО” же “ОШ ШААРЫНА КАТТОО”.

 

!!КӨҢҮЛ буруңуз!Арыз бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.

 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар жарандарын бул уникалдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга жана EPS программасынын алкагында тестирлөөгө катышууга чакырат. Бул Корея Республикасында татыктуу жумушка жана кирешеге ээ болуу, ошондой эле билимиңизди жана жөндөмүңүздү жогорулатуу мүмкүнчүлүк берет.

 

EPS программасы тууралуу кошумча маалыматты www.migrant.kg сайтынан же (0312) 65-02-51 Бишкек, (03222) 5 66 32 Ош телефондору боюнча алсаңыздар болот.