Улуу Британиянын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу операторунун директору менен онлайн жолугушуу

30 Октябрь 2023
Улуу Британиянын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу операторунун директору менен онлайн жолугушуу

2023-жылдын 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда  Улуу Британиянын Өкмөтүн ыйгарым укук берген Agri Hr операторунун директору  Jan-Willem Naerebout мырза менен онлайн жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылдагы өнөктөштүктүн жыйынтыктары жана 2024-жылга карата кызматташтыктын келечеги талкууланды.

 

Белгиленгендей, 2023-жылы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Agri Hr операторунун ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү болду. Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары Улуу Британияда эки тараптын аракетинин аркасында жумуш тапты.

 

Тараптар 2024-жылга карата кызматташуунун келечегин талкуулашты. Планга ылайык, Agri Hr оператору келерки жылы дагы 5000 Кыргыз Республикасынын жаранын ишке орноштурууну пландап жатат. Бул Кыргызстандын жарандары үчүн жумушка орношуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн гана камсыз кылбастан, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда жумушка орноштуруу программасын андан ары жайылтуунун жана эмгекчилерге колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн тааныды. Ошондой эле ал Agri Hr операторуна тынымсыз колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Эки тарап 2024-жылы кызматташтык ийгиликтүү уланып, эки өлкө үчүн өз ара пайда алып келерине үмүт артышты. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Agri Hr оператору бардык кызыкдар тараптар үчүн ийгиликтүү келечектерди камсыз кылуу үчүн ишке орноштуруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоо багытында активдүү иш алып барууну улантат.