Жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын ЕБ, Япония, Малайзия жана Беларусь Республикасындагы дипломатиялык мекемелеринин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу

07 Март 2024
Жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын ЕБ, Япония, Малайзия жана Беларусь Республикасындагы дипломатиялык мекемелеринин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу

2024-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти менен биргеликте онлайн жыйын өткөрдү. Ага Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигинин өлкөлөрүндөгү, Беларусь Республикасындагы, Япониядагы жана Корея Республикасындагы, Малайзиядагы дипломатиялык мекемелеринин жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган мамлекеттерде Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруунун көйгөйлүү аспектилери Борбордун жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жардамы менен талкууланып, кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.

 


Ошондой эле катышуучулар Кыргызстандан барган эмгек мигранттары чет өлкөдө ишке орношууда туш болгон бир катар негизги көйгөйлөрдү талкуулашты. 

Талкуунун жүрүшүндө төмөнкү негизги аспектилер белгиленди: эмгек мигранттарын укуктук жактан коргоо, укуктук колдоо механизмдерин өркүндөтүү зарылчылыгы, ишке орношкон өлкөлөрдө иштөө шарттары, социалдык адаптация, Борбордун, консулдук мекемелердин жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо. 

Кызматташтыкты чыңдоо жана операциянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.