Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун ачылышы тууралуу маалымат

02 Февраль 2024
Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун ачылышы тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун www.migrant.kg сайты аркылуу Hops Labor Ltd операторуна жакын арада ачыларын билдирет.

 

Тандоо этаптары:

  • Онлайн каттоо 2024-жылдын 6-февралында саат 14:00дөн 21:00гө чейин Борбордун www.migrant.kg расмий сайтында ачык болот. Ийгиликтүү каттоо үчүн сизге Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу чет элдик паспорту жана Gmail электрондук почтасы керек.
  • Онлайн тестирлөө Hops Labor Ltd тарабынан жүргүзүлөт. Тесттин маалыматтары катталган жарандарга электрондук почтага жөнөтүлөт.
  • Оффлайн интервью  Hops Labor Ltd операторунун өкүлдөрү тарабынан өткөрүлөт.
  • Тандоо жыйынтыгы Борбордун www.migrant.kg расмий сайтында жайгаштырылат.


МААНИЛҮҮ!!! Оператор тарабынан катталгандардын ичинен 500-600 гана адам тандалат.

 Талапкерлер үчүн критерийлер: 

  • 18 жаштан 45 жашка чейин
  •  Орус тилин билүү 
  • Физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу керек

Иш шарттары:

  • Эмгек акы саатына £10,42 болот.
  • Иштөө сааты аба ырайы, түшүмдүүлук ж.б факторлоруна көз каранды. Жумуш берүүчү жумасына минималдуу 32 саат иш менен камсыз кылууга кепилдик берет.
  • Виза баасы £ 298 болот.
  • Авиабилеттин баасы учурдагы тарифке жана сатып алуу убактысына жараша болот.

 

Эске сала кетсек, тандоону толугу менен «Hops Labor Ltd» оператору жүргүзөт, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.


Дагы бир жолу эскерте кетели, Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт!

Улуу Британияга сезондук жумушка ишке орноштурууга акча талап кылган  коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!