- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Перспективы сотрудничества: обсуждение трудоустройства граждан Кыргызстана в крупных отелях Турции /
Перспективы сотрудничества: обсуждение трудоустройства граждан Кыргызстана в крупных отелях Турции
2025-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Борбордун жетекчилиги жана Түркиянын ири мейманканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жана өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө перспективалары талкууланды.
Жолугушууда өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруунун ачык-айкын жол-жоболорун камсыз кылууга жана жарандардын иштөөсү жана жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бурулду.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты бекемдөөгө, бош жумуш орундар спектрин кеңейтүүгө жана кыргызстандыктарга Түркиянын ири мейманканаларда иштөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө даяр экендиктерин тастыкташты.