- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Улуу Британияга ишке орношуу боюнча жалган маалыматтын таралышы жөнүндө эскертүү /
Улуу Британияга ишке орношуу боюнча жалган маалыматтын таралышы жөнүндө эскертүү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британияда, анын ичинде Pro-Force Limited компаниясы боюнча ишке орноштуруу үчүн каттоо ачылгандыгы тууралуу такталбаган маалыматтар тарап жаткандыгын маалымдайт.
Борбор каттоонун онлайн режимде башталышынын так даталары тиешелүү программанын операторлору тарабынан аныктала тургандыгын эскертет. Каттоонун расмий башталыш даталары алдын ала Борбордун расмий www.migrant.kg сайтына жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыяланат.
Ушуга байланыштуу блогерлер, маалыматтык баракчалардын администраторлору жана башка адамдар каттоонун ачылуу датасы расмий жарыяланганга чейин бул тууралуу так маалыматка ээ боло алышпайт.
Борбор блогерлерди жана маалыматтык ресурстардын администраторлорун такталбаган маалыматтарды таратпоого, жарандарды адаштырбоого жана тиешелүү маалыматтарды расмий булактар тарабынан ырасталгандан кийин гана жарыялоого чакырат.
Урматтуу жарандар! Каттоодон өтүүгө же ишке орношууга кепилдик беребиз деген адамдарга акча каражатыңызды бербеңиздер. Акы төлөтүп каттоодон өткөрүп берүүнү сунуштаган ортомчуларга ишенбеңиздер.
Каттоо Борбордун расмий сайты аркылуу гана жана акысыз жүргүзүлөт.
Ошондой эле Борбор такталбаган маалыматтарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн экендигин эскертет.
Борбордун расмий билдирүүлөрүнө гана таяныңыздар!
WhatsApp аркылуу кайрылуулар үчүн:
+996 880 18 99 00
📱 Telegram
+996 559 18 99 00
Ошондой эле кайрылуулар төмөнкү номерлер жана WhatsApp аркылуу кабыл алынат:
📞 Чалуулар жана WhatsApp
+996 224 550 332
+996 227 550 332
+996 221 550 332