EDUVISO программасы боюнча биринчи топ Германияга жөнөтүүгө даярданууда

17 Август 2023
EDUVISO программасы боюнча биринчи топ Германияга жөнөтүүгө даярданууда

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору эмгек рыногун диверсификациялоого, жарандардын чет өлкөлөрдө ишке орношуу географиясын кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, жарандардын жаңы натыйжалуу көндүмдөрүн жана билимдерин алууга, чет өлкөдө коопсуз жүрүү шарттарды түзүүгө багытталган активдүү чараларды алып барат.

 

Бүгүн, 16-августта, Жрарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору жана “ЭСТА Контракшен” курулуш компаниясынын ортосунда Кыргызстандын жарандарын Россия Федерациясынын аймагындагы эң ири курулуш объектилерине жумушка орноштурууну караган макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

 

Макулдашууга ылайык, (экскаваторчулар, авто жүктөгүчтүн машинисттери, автокрановщиктер, опалубщиктер, арматурачылар ж.б.) сыяктуу адистиктер боюнча квота бөлүнөт.)

 

Тараптар кызматташуунун ар кандай аспектилерин, анын ичинде персоналды тандоо жол-жоболорун талкуулашты жана биздин жарандар үчүн кепилденген социалдык пакет, жол чыгымдарын жабуу, медициналык камсыздандыруу ж.б. сыяктуу зарыл шарттарын аныкташты.

 

Ошондой эле, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору жарандарды уюшкан тандоонун алкагында Корея Республикасына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Улуу Британияга ишке орноштурат, жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө ишке орноштуруу жөнүндө бир катар макулдашуулар иштеп чыгууда.

 

Маалымат үчүн: Эста Констракшен түрк курулуш компаниясы 2006-жылы негизделип эл аралык рынокто иштейт жана Esta Global курамына кирет (дүйнөдөгү 93-ири компания болуп саналат)