Эмгек министри менен Россиянын "КАМАЗ" КАКу ортосунда өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

15 Сентябрь 2023
Эмгек министри менен Россиянын "КАМАЗ" КАКу ортосунда өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 7-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен "КАМАЗ" коомдук акционердик коомунун (Россия Федерациясы) жетекчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

 

Документтин максаты-КР жарандарын ишке орноштурууну уюштурууда узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү.

 

Меморандумга кол коюу эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин үстүбүздөгү жылдын май айында Набережные Челны (Татарстан) шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында "КАМАЗ"дын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болду.

 

"Кол коюлган меморандумдун алкагында мындан ары "КАМАЗ" КАКда ишке орношуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жогорку квалификациялуу жумушчуларды даярдоону уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароо пландаштырылууда. Ошондой эле Кыргызстандын окуу жайларында тиешелүү адистиктерде окуган студенттер автоконцернде өндүрүштүк практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат"-деди министр К.Базарбаев.

 

"КАМАЗ" коомдук акционердик коомунун директорунун орун басары Жанна Халиуллинанын айтымында, завод автобустарды, электробустарды, водоробустарды ("НЕФАЗ" маркасынын астында), тракторлорду, комбайндарды, дизелдик жүк ташуучу унааларды, дизелдик кыймылдаткычтарды, электрагрегаттарды, жылуулук кичи электр станцияларын жана аларга компоненттерди чыгарат.

 

Учурда "КАМАЗ"дын ишканаларында 55 миңге жакын кызматкер иштейт. Авто ишканасы кызматкерлерге жатаканаларды берип, толук соцпакет менен камсыз кылат. " - деп кошумчалады Ж. Халиуллина.