Hops Labor Ltd оператору аркылуу Улуу Британияга сезондук жумушка тандоонун үчүнчү этабынын жыйынтыгы

22 Февраль 2024
Hops Labor Ltd оператору аркылуу Улуу Британияга сезондук жумушка тандоонун үчүнчү этабынын жыйынтыгы

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Hops Labor Ltd оператору аркылуу Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруу программасына тандоонун  үчүнчү этабынын жыйынтыгын жарыялайт.

 

Тандоонун үчүнчү этабы 2024-жылдын 19-20-февралында Бишкек шаарында өткөн Hops Labor Ltd операторунун өкүлдөрү менен жеке маектешүүдөн турган. Бардык талапкерлерге катышкандыгы жана жогорку деңгээлдеги даярдыктары үчүн ыраазычылык билдиребиз.

 

Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча жогорку кесипкөйлүгүн, мотивациясын жана иштөөгө даярдыгын көрсөткөн талапкерлер тандалып алынды.

 

Тандалган талапкерлердин тизмеси   ТИЗМЕ

 

Бардык талапкерлердин жеке кабинеттери оператор тарабынан дагы бир жолу текшериле тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Кемчиликтер табылгандарга бул кемчиликтерди көрсөткөн каттар жөнөтүлөт. Кемчиликтери бар жарандар жайгаштырылбайт. Биз талапкерлерге күн сайын платформадагы кабинетин жана электрондук почтасын текшерип турууну сунуштайбыз.

 

Эске сала кетсек, тандоону толугу менен «Hops Labor Ltd» оператору жүргүзөт, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.


Эскертүү, Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт!

 

Улуу Британияга сезондук жумушка ишке орноштурууга акча талап кылган  коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!

 

Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук жумуш менен камсыз кылуу программасы тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Борбордун ишеним телефонуна кайрылыңыз: +996 224 550 332, +996 227 550 332.