Улуу Британияда Hops Labor Ltd оператору аркылуу Улуу Британияга сезондук жумушка тандоонун экинчи этабынын жыйынтыгы

12 Февраль 2024
Улуу Британияда Hops Labor Ltd оператору аркылуу Улуу Британияга сезондук жумушка тандоонун экинчи этабынын жыйынтыгы

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Hops Labor Ltd оператору аркылуу Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруу программасына тандоонун экинчи этабынын жыйынтыгын жарыялайт. 9-февралда өткөрүлгөн онлайн тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кийинки этапка 923 талапкер ийгиликтүү өттү.

 

Тандоонун үчүнчү этабы 2024-жылдын 19-20-февралында Бишкек шаарында өтө турган Hops Labor Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жеке маектешүүдөн турат. Ар бир талапкер дайындалган убактысын жана күнүн эстеп калышы керек, анткени алар өз убагында гана келе алышат.  


ТИЗМЕ 

 

Аңгемелешүүнүн орду жана убактысы тууралуу маалыматты кошумча жарыяланат.

Экинчи этаптан өткөн бардык талапкерлер көрсөтүлгөн электрондук почтага Gateway платформасындагы жеке кабинетине шилтеме жөнөтүлөт, жуманын аягына чейин оздук маалыматты толтуруш керек. Жеке кабинетиңизди толтуруу боюнча нускама Борбордун Instagram баракчасына (@info.migrant.kg) жайгаштырылат. Жаңылыктарга көз салып туруңуздар.

 

Hops Labor Ltd оператору 2024-жылы Улуу Британиянын фермаларында иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын 500-600гө жакын жаранын тандап алууну пландаштырууда. Иш суроо-талапка жана мезгилге жараша 6 айга чейин берилет. Эмгек шарттары жана эмгек акы Улуу Британиянын стандарттарына ылайык болот.

 

Улуу Британиянын Сезондук айыл чарба жумушу программасы Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун бир жолу. Программа ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө, кыргыз жарандарынын квалификациясын жана кирешесин жогорулатууга, ошондой эле маданий жана социалдык баалуулуктарды алмашууга көмөктөшөт.

 

Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук жумуш менен камсыз кылуу программасы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, ишеним телефонуна кайрылыңыз: +996 224 550 332, +996 227 550 332

 

Эске сала кетсек, тандоону толугу менен «Hops Labor Ltd» оператору жүргүзөт, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.


Эскертүү, Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт!

 

Улуу Британияга сезондук жумушка ишке орноштурууга акча талап кылган  коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!