- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Корея Республикасында жумушка орношуу багытында корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн эки этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлерди жумушка баруучулардын реестрине киргизүү үчүн 23-27-июлдарда Бишкек жана Ош шаарларында документтерин кабыл алуу уюштурулду /
Корея Республикасында жумушка орношуу багытында корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн эки этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлерди жумушка баруучулардын реестрине киргизүү үчүн 23-27-июлдарда Бишкек жана Ош шаарларында документтерин кабыл алуу уюштурулду
Каттоого EPS-Topik программасынын алкагында корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн эки этабынан тең ийгиликтүү өткөн талапкерлер өз документтерин тапшырышты.
Эми бул талапкерлер Корея Республикасындагы жумуш берүүчүлөрдөн эмгек контракттарынын келүүсүн күтүшөт.
Белгилей кетчү жагдай - талапкерлер Корея Республикасына жумушка баруучулардын реестринде эки жылга чейин турушат. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (Борбор, ЖЧӨИОБ) бардык талапкерлердин 100 пайызы эмгек контрагын алаарына кепилдик бербейт. Бул процесс Корея Республикасындагы жумуш берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын жарандарын тандоосунан көз каранды.
Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана тиешелүү чараларды өркүндөтүү, жарандарыбызга зарыл эмгек шарттарын түзүү жана адистик өсүүнү камсыз кылуу багытындагы ишмердүлүгүн пландуу негизде улантууда.
Кошумча маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылсаңыздар болот.
Телефон: +996 (312) 650-251
Email: ctgr3010@gmail.com
Сайт: www.migrant.kg.