2023-жылдын 4-октябрынан баштап Улуу Британияга сезондук жумушчунун визасынын баасы 298 фунт стерлингди түзөт

18 Сентябрь 2023
2023-жылдын 4-октябрынан баштап Улуу Британияга сезондук жумушчунун визасынын баасы 298 фунт стерлингди түзөт

2023-жылдын 4-октябрында күчүнө кире турган Улуу Битаниянын иммиграция жана жарандык алуу үчүн жыйымдарындагы өзгөрүүлөр боюнча керектүү маалымат. Ушул жылдын июль айында Улуу Британиянын Өкмөтү көпчүлүк жумушчу жана мейман визаларынын баасы 15%га, ошондой эле артыкчылыктуу визалардын, окуу визаларынын жана демөөрчүлүк сертификаттарынын наркынын кеминде 20%га жогорулагандыгын жарыялаган.

Жыйымдардын көбөйүшү жашоо-тиричилик үчүн маанилүү кызматтарды каржылоону камсыз кылууга жана Улуу Британиянын мамлекеттик секторунда эмгек акыны жогорулатууга багытталган. Ошол эле учурда, жыйымдарды британ салык төлөөчүлөрүнүн каржылык төгүмдөрүн азайтууга жардам бере тургандай кылып белгилөөгө өзгөчө көңүл бурулган. Ошону менен катар, Улуу Британияда иштөөнү каалагандар үчүн жагымдуу кызматтарды көрсөтүүнү жана бардыгынын бакубат жашоосун колдоого алууну уланта берет.

Жаңы төгүмдөрдүн толук тизмесин GOV.UK (www.gov.uk) ачык-айкын виза төгүмдөрү - расмий веб-сайтынан тапса болот.