8-март майрамыңыздар менен

07 Март 2024
8-март майрамыңыздар менен

Кымбатуу айымдар!

Кыргыз Республикасынын Эмгек сациалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору сиздерди Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайт!

 

Жаз менен жарыша келген ушул куттуу майрам аялдарга болгон терең урмат-сыйды билдирип, эң жакындарына мээримин гана тѳкпѳстѳн, ѳзү аркалаган кесибинин бийиктигине жетип,   коомдун ѳнүгүшү жана ѳлкѳнүн тагдыры үчүн бийик жооперчиликти алып жүргѳн аялзатына терең урматтоону айгинелеп турат.

 

Биздин өлкөнүн саясий, экономика жана социалдык чөйрөлөрүндөгү өнүктүрүү процесстерине айымдар жигердүү катышуу менен талыкпай эмгектенип келүүдө.

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сациалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай, гүлдөп-өнүгүү жана иштерине жаңы ийгиликтерди каалайт.