Бүгүн, 25-сентябрь күнү Талас облусунун 11 тургуну Корея Республикасына сезондук айыл чарба иштерине жөнөп кетти

27 Сентябрь 2023
Бүгүн, 25-сентябрь күнү Талас облусунун  11 тургуну Корея Республикасына сезондук айыл чарба иштерине  жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын жана Корея Республикасынын Кочанг шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун алкагында, 2022-жылы эмгектенген, үлгүлүү кызматкер катары Талас облусунун 11 тургуну Кочанг шаарына сезондук айыл чарба иштерине кайрадан жаңы эмгек келишимдерин алышты.

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Борбордо 11 жаранга чет өлкөгө чыгуу алдындагы окутуу жүргүзүлүп жана жөнөтүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордун жетекчилиги тарабынан Корея Республикасына эмгек келишимдерин алган жарандарды куттуктап, барган өлкөнүн мыйзамдарын жана эмгек келишиминин шарттарын так аткарууга чакырып, Кыргыз Республикасын жакшы жагынан таанытууга чакырды.