Бүгүн 26-сентябрда Достук отелинде коопсуз миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү маселелерине арналган маанилүү тегерек стол болуп өттү

27 Сентябрь 2023
Бүгүн 26-сентябрда Достук отелинде коопсуз миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү маселелерине арналган маанилүү тегерек стол болуп өттү

Иш-чара Winrock International ишке ашырып жаткан USAIDдин «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоордун жана "Айкөл" Жарандык демилгелерди өнүктүрүү Борбору " коомдук бирикмеси менен биргеликте, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана өлкөнүн бардык аймактарындагы диний лидерлерди бириктирүү максатында уюштурулду.

 

Тегерек столдун негизги милдети тажрыйба алмашуу жана коопсуз миграция жана адам сатуу тобокелдиктери жөнүндө калкты маалымдоодо диний лидерлердин ролун жакшыртуу жолдорун талкуулоо болду. "АЙКӨЛ" коомдук бирикмеси менен долбоордун алкагында Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын диний лидерлери коопсуз миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча окутулду. Бул иш-чара ошондой эле Кыргызстандын түштүк региондорунда ушундай билим берүү сессияларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн орун болду.

 

Бул иш-чара Кыргызстандын миграциянын коопсуздугун камсыз кылуу жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча маанилүү этаптын билдирет. Ал ошондой эле ведомстволор аралык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөө зарылдыгын баса белгилейт.