Бүгүн 53 жараныбыздан турган кезектеги топту Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча узаттык.

15 Апрель 2024
Бүгүн 53 жараныбыздан турган кезектеги топту Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча узаттык.

Өткөн жылы Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча жалпысынан 9 567 адам консультация алды. Алардын ичинен 453 адам ишке орношулдуу. Борбор тарабынан Кыргыз Республикасын жана анын эмгек ресурстарын популяризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш – чаралардын натыйжасында келип түшкөн контракттардын саны, ошондой эле Корея Республикасына кеткендердин саны эки эсеге көбөйдү.

Бул программанын алкагында 17 жылдан бери Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору иштеп келет жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасынын өндүрүш тармагына ийгиликтүү ишке орноштуруп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орноштурулган. Азыркы учурда Корея Республикасында EPS-TOPIC программасы боюнча 1,5 миңге жакын жаран эмгектенет.

📌EPS программанын негизги талабы - корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү. Ушул жылы 2012 адам каттоодон өтүп азыркы учурда корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестинен өтүп жатышат.

 

Борбордун директорунун орун басары Кайратбек Жакыпов балдарды программанын бардык этаптарын ийгиликтүү аяктап, эмгек визасын алышы менен куттуктады. Баарына чың ден соолук, иштерине ийгилик каалап, ошондой эле мекенине аман-эсен кайтып келишин каалап кетти.


Ошондой эле, иш-чаранын алкагында өнөктөштөрүбүз USAID, WINROCK INTERNATIONAL  иш-чаранын катышуучуларына бүгүнкү окуяны эске сала турган паутч-сумкаларын белек кылышты.

Корея Республикасына жана башка өлкөлөргө жарандарды ишке орноштуруу боюнча маалыматтарды Борбордун www.migrant.kg расмий сайтынан көрүүгө болот.