үгүн КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору менен польшалык "EUROKADRA SA" компаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюлду

17 Август 2023
үгүн КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору менен польшалык "EUROKADRA SA" компаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюлду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору менен польшалык "EUROKADRA SA" компаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

EUROKADRA SA" компаниясы  10 жылдан ашык убакыттан бери ишке орноштуруу боюнча сертификацияланган агенттик катары Польшада ийгиликтүү иштеп келе жатат.

Макулдашуунун максаты-Кыргызстандын жарандарынын Польшада ишке орношуусу үчүн жаңы укуктук жолдорду жана мүмкүнчүлүктөрдү ачуу болуп саналат.

Бул келишим Кыргызстандын жарандарына Польшадагы логистикалык кампадан жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берет. Бул мүмкүнчүлүк поляк тилин билүүнү талап кылбасытыгын белгилей кетүү маанилүү. Орус тилин билүү жетиштүү болот. Бош орундар 18 жаштан 40 жашка чейинки эркектер жана аялдар үчүн ачык болот. Бул  адамдар үчүн ийкемдүүлүктүн жана мүмкүнчүлүктүн жогорулашын, чет өлкөдө иштөө тажрыйбасын жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Орточо эмгек акы саатына 22,80 злотых брутто (6 АКШ долларына барабар)  күнүнө 8 сааттык иш убакытысы болот.

 
Бул Макулдашуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана Кыргызстандын жарандары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө зарыл кадам катары каралууда.


Эгер сиз Польшанын логистикалык кампасында жумушка орношууга кызыкдар болсоңуз, көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылыңыз.