2024-жылы (EPS-Topik) корей тилин билүү боюнча деңгээлин аныктоо тестирлөөнүн биринчи этабын ийгиликтүү өткөн жарандардын тизмеси

17 Май 2024
2024-жылы (EPS-Topik) корей тилин билүү боюнча деңгээлин аныктоо тестирлөөнүн биринчи этабын ийгиликтүү өткөн жарандардын тизмеси

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Бишкек жана Ош шаарларында EPS-Topik программасынын алкагында өткөрүлгөн тестирлөөнүн биринчи этабынын жыйынтыгын жарыялайт.

 

2024-жылы корей тилин билүү боюнча деңгээлин аныктоо тестирлөөнүн биринчи этабын ийгиликтүү өткөн жарандардын тизмеси менен төмөндө таанышууга болот.

ТИЗМЕ БИШКЕК

 

ТИЗМЕ ОШ

Көңүл бургула,  өндүрүш жана айыл чарба тармактарына биринчи этаптан ийгиликтүү өткөндөргө кошумча упай алуу мүмкүнчүлүгү берилгенин билдиребиз. Бул үчүн, сиз төмөнкү документтерди тапшырышыңыз керек:

 

  • Орто атайын же жогорку билими тууралуу диплом – 1 балл.
  • Квалификациясын тастыктаган сертификаттар – 1 балл.
  • Өндүрүш чөйрөсүндө иш тажрыйбасын ырастоочу документтер (эмгек китепчеси) - 3 балл

 

Кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн баалоо бардык керектүү документтерди тапшырган талапкерлер үчүн гана жүргүзүлөт.

Маанилүү:  2024-жылдын 24-майына чейин документтер ctgr3010@gmail.com электрондук почтасы белгиленген мөөнөттө жөнөтүү керек.

 

SKILL Testинин өткөрүү графиги тууралуу маалымат www.migrant.kg  сайтка “Жаңылыктар” бөлүмүнө  2024-жылдын 3-июнунда жарыяланат.