Борбор Словакия Республикасында автобус айдоочу кызматка орношуу үчүн талапкерлерди кошумча каттоо башталгандыгын билдирет

05 Март 2025
Борбор Словакия Республикасында автобус айдоочу кызматка орношуу үчүн талапкерлерди кошумча каттоо башталгандыгын билдирет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакия Республикасында автобус айдоочу кызматка орношуу үчүн талапкерлерди кошумча каттоо башталгандыгын билдирет!

 

Коюлган талаптар:

  • 22 жаштан 50 жашка чейин;
  • "D" категориясындагы айдоочулук күбөлүктүн болушу;
  • соттолбогон;
  • өнөкөт оорулары жок;
  • 2027-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспортко ээ;
  • Жүргүнчү ташуучу транспортто иштеген тажрыйбага артыкчылык берилет.

 

Каттоо үчүн талаптар:

1. Толук аты (фамилиясы, аты, атасынын аты), латын тамгасында;

2. Сүрөт жана паспорт номери (PE же AC менен башталат);

3. Электрондук почта;

4. Айдоочулук күбөлүк категориясы;

5. Байланыш телефон номери;

6. Кошумча суроолорго жооп бериңиз.

 

Эмгек шарттары жана эмгек акысы:

• Эмгек акы: саатына 7,40 евродон;

• Орточо айлык киреше: 1200 евродон (салыктарды кошкондон кийин);

• Туруктуу европалык транспорттук компанияда иштөө;

• Социалдык кепилдиктер жана документтерди расмий каттоо.

 

Маанилүү!

Буга чейин катышкан талапкерлер каттоо процессине катыша албайт. Талаптар, иштөө шарттары жана тандоо процесси тууралуу толук маалымат төмөндө келтирилген. 50 ылайыктуу талапкер алынгандан кийин, онлайн каттоо автоматтык түрдө жабыларын эске алыңыз.

 

КАТТООГО ШИЛТЕМЕ

Маалымат