Борбор жакын арада Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына www.migrant.kg сайт аркылуу онлайн каттоо ачыларын билдирет

03 Декабрь 2023
Борбор жакын арада Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына www.migrant.kg сайт аркылуу онлайн каттоо ачыларын билдирет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына migrant.kg сайт аркылуу жакын арада онлайн каттоо ачыларын билдирет.


 

Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген оператор аныктаган өтүнмөлөрдүн керектүү саны толгондо каттоо автоматтык түрдө жабылат.

 


Катталган талапкерлер үчүн аңгемелешүү декабрь айынын ортосунда Бишкек шаарында өтөт.

Ийгиликтүү катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорту жана электрондук почтага кирүү мүмкүндүгү болушу керек.
 

 
Талапкерлердин критерийлери: 18 жаштан 45 жашка чейинки курак, орус тилин билүү, ошондой эле ден соолугу чың жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу керек.
 


Эмгек акы саатына 10,42 фунт стерлинг түзөт. Иштөө сааты аба ырайы, түшүмдүүлук ж.б факторлоруна көз каранды. Жумуш берүүчү жумасына минималдуу 32 саат иш менен камсыз кылууга кепилдик берет.
 


Өттө маанилүү!!!

Белгилей кетчү нерсе сиздин чыгымыңыз, визанын баасы 298 фунт стерлингди түзөт жана авиабилеттин баасы ошол учурдагы курска жана сатып алуу убактысына жараша болот.
 
📌Эсиңизде болсун Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт!  ❗❗❗Улуу Британияда сезондук жумушка орноштурууга акча талап кылган коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!