Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен “Тайга Групп” өнөктөштүгүн бекемдөөдө

22 Февраль 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен “Тайга Групп” өнөктөштүгүн бекемдөөдө

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана “Тайга Групп” (Түркия Республикасы) Кыргызстандын жарандарына 5 жылдан ашык убакыттан бери Түркияда жумуш табууга жардам берип келе жаткан ийгиликтүү өнөктөштүгүн кеңейткенин жарыялайт.

 

Бүгүн Борбордо өткөн жумушчу жолугушууда Борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев,  “Тайга Групп”  компаниясынын башкы директору Музаффер Сезгин жана “Lonicera” мейманканалар тармагынын ээси Өмүр Бей өнөктөштүктү бекемдөө жана мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жолугушууда бул өнөктөштүктүн аркасында 65 жеке ишке орноштуруу агенттиги 2023-жылы 3 миң 107 кыргызстандыкка Түркияда жумуш табууга жардам бергени айтылды.

 

«Биз “Тайга Групп” менен кызматташтыгыбызга сыймыктанабыз жана биздин өнөктөштүгүбүз Кыргызстандын жарандары үчүн реалдуу натыйжаларга алып келерин көрүп жатканыбызга кубанычтабыз», - деди Кудайбердиев. «Биз өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине өтүүгө жана Кыргызстандын жарандарына чет өлкөдөн татыктуу жумуш табууга жардам берүү миссиябызды улантууга даярбыз».

 


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Тайга Групп 2006-жылы негизделген жана Анталияда жайгашкан түрк компаниясы. Компания чет өлкөлүк консалтинг жана чет элдик кадрларды жалдоо жаатында кызмат көрсөтүүгө адистешкен. 2015-жылы  “Тайга Групп” жеке ишке орноштуруу агенттиги катары мамлекеттик лицензия алган. “Тайга Групп” Кыргызстандын жарандарын Түркияда ишке орноштурууну камсыз кылуу максатында  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен активдүү кызматташат.