Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын сезондук иштерине катышууга кошумча каттоо ачыларын жарыялайт

21 Октябрь 2024
Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын сезондук иштерине катышууга кошумча каттоо ачыларын жарыялайт

Бүгүн, 2024-жылдын 21-октябрында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда сезондук айыл чарба иштерине катышуу программасы боюнча кошумча онлайн каттоо ачылаарын жарыялайт.

Кошумча онлайн каттоо 2024-жылдын 15-октябрында биринчи каттоо учурунда ыйгарым укуктуу оператор “Pro-Force” тарабынан өткөрүлгөн тандоодон бардык талапкерлер өтпөгөндүктөн ачылып жатат. 

Кошумча каттоо  500 орунду толтуруу үчүн ачылып, талап кылынган катышуучулардын санына жеткенде автоматтык түрдө жабылат.

 

Көңүл буруңуз!!! Каттоо бул программага биринчи жолу катышып жаткан жарандар үчүн гана жүргүзүлөт. Буга чейин программага катышкан жарандар оператор тарабынан талапкерлер тизмесинен автоматтык түрдө чыгарылат.

Маанилүү!!! Тандоонун биринчи этабынан өткөн талапкерлерге оффлайн маекке чакыруу электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

2024-жылдын 15-октябрында ийгиликтүү катталган талапкерлер өздөрүн тизмеден таба алышат.

 

ТИЗМЕ

 

15-октябрында ийгиликтүү катталып, электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн анкетаны толтуруп үлгүрбөгөндөр, аны 22-октябрга чейин толтурууну өтүнөбүз.