Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда 2025-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди каттоо башталганын жарыялайт

15 Октябрь 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда 2025-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди каттоо башталганын жарыялайт

Борбор Улуу Британияда 2025-жылга сезондук айыл чарба жумуштары үчүн ишке орноштуруу программасына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо баштаганын жарыялайт. Бул программанын алкагында, айыл чарба тармагында ишке орношууга кызыккандар төмөнкү шилтеме аркылуу онлайн каттоодон өтө алат.

 

Талапкерлерге коюлган талаптар:

• 18 жаштан 45 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары;

• айыл чарба шарттарында физикалык активдүү иштөөгө даяр адамдар;

• 2026-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорттун болушу зарыл.

 

Каттоого коюлган талаптар:

1. Толук аты (фамилиясы, аты, атасынын аты), латынча;

2. Жалпы жарандык (загран) паспорттун номери жана сүрөтү (РЕ же АС дан башталат);

3. Электрондук почта;

4. Байланыш телефон номери;

5. Кошумча суроолор жооп берүү.

 

МААНИЛҮҮ!

 

Ортомчулардын кызматынан пайдаланган адамдар автоматтык түрдө тандалгандардын тизмесинен четтетилет.

 

Катталган талапкерлер британиялык "Pro Force" оператору тарабынан тандалып алынат, андан кийин аларга электрондук почтасына шилтеме менен анкета жөнөтүлөт, анкетаны болушунча тез арада толтуруу зарыл. Ийгиликтүү катталган жана тандалып алынган талапкерлерге электрондук почтасына маектешүүнүн дареги, убактысы жана күнүн көрсөтүү менен чакыруу жөнөтүлөт.

 

КАТТОО