- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда 2025-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди кошумча каттоо башталганын жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда 2025-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди кошумча каттоо башталганын жарыялайт
Кошумча 500 орунду толтуруу үчүн онлайн каттоо ачылды, талап кылынган катышуучулардын санына жеткенде автоматтык түрдө жабылат.
Көңүл буруңуз!!! Каттоо бул программага биринчи жолу катышып жаткан жарандар үчүн гана жүргүзүлөт. Буга чейин программага катышкан жарандар оператор тарабынан талапкерлер тизмесинен автоматтык түрдө чыгарылат.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
• 18 жаштан 45 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары;
• айыл чарба шарттарында физикалык активдүү иштөөгө даяр адамдар;
• 2026-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорттун болушу зарыл.
Каттоого коюлган талаптар:
1. Толук аты (фамилиясы, аты, атасынын аты, латын тамгалары менен);
2. Чет элдик паспорттун номери жана сүрөтү (РЕ же АС дан башталат, сүрөттүн көлөмү 1 МБтан ашпаш керек);
3. Электрондук почта;
4. Байланыш телефон номери;
5. Кошумча суроолор жооп берүү.
МААНИЛҮҮ!
Ортомчулардын кызматынан пайдаланган адамдар автоматтык түрдө тандалгандардын тизмесинен чыгарылат.
Катталган талапкерлер британиялык "Pro Force" оператору тарабынан тандалып алынат, андан кийин аларга электрондук почтага шилтеме менен анкета жөнөтүлөт, алар болушунча тез арада толтуруу зарыл. Ийгиликтүү катталган талапкерлерге электрондук почтасына маектешүүнүн дареги, убактысы жана күнү көрсөтүү менен чакыруу жөнөтүлөт.
Каттого