Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору карылар күнүнө карата Бишкек шаарындагы “Үмүт үйү” коомдук фонду карылар жана майыптар үчүн социалдык мекемесине гуманитардык жардам көрсөттү

02 Октябрь 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору карылар күнүнө карата Бишкек шаарындагы “Үмүт үйү” коомдук фонду карылар жана майыптар үчүн социалдык мекемесине гуманитардык жардам көрсөттү

2024-жылдын 1-октябрь улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинине караштууЖарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун (мындан ары - Борбор) эмгек жамааты Бишкек шаарындагы “Үмүт үйү” улгайган адамдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык мекемесине гуманитардык жардам көрсөтүштү.

Бул демилге калктын аялуу катмарын колдоого, ошондой эле улуу муунга ыраазычылык жана урмат көрсөтүүгө багытталган. Жардамдын алкагында дан, ун, май жана башка азык-түлүк товарлары менен кошо эң керектүү азыктар берилди. 

Борбордун эмгек жамааты улгайган жарандардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоо менен муктаж болгондорго жардам көрсөтүү   социалдык ишмердүүлүгүн активдүү улантууда.