Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Россия Федерациясынын «КАМАЗ» ЖАКсында иштөөнү каалагандар үчүн бош орундардын онлайн жарманкесин өткөрдү

22 Январь 2024
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Россия Федерациясынын «КАМАЗ» ЖАКсында иштөөнү каалагандар үчүн бош орундардын онлайн жарманкесин өткөрдү

Онлайн бош орундар жарманкеси 2024-жылдын 19-январында Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дөн 16:00гө чейин өткөрүлдү. Иш-чарага 200дөн ашык адам, анын ичинде Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун, "КАМАЗ" ПАОнун, КРнын Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин РФдагы өкүлчүлүгүнүн, "Инсан-Лейлек" КФнын, иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктеринин өкүлдөрү, ошондой эле потенциалдуу жумуш издөөчүлөр катышты.

 

Иш-чаранын максаты - Россия Федерациясындагы "КАМАЗ" ПАОдо Кыргыз Республикасынын жарандарына учурдагы бош орундары, жумушка орношуу шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү.

 

«КАМАЗ» ЖАК автобустарды, электробустарды, суу автобустарын (NEFAZ маркасы менен), тракторлорду, комбайндарды, дизелдик жүк ташуучу унааларды, дизелдик кыймылдаткычтарды, электр агрегаттарын, жылуулук мини-электр станцияларын жана аларга тиешелүү тетиктерди чыгарган белгилүү өндүрүүчү болуп саналат. Учурда «КАМАЗ» ЖАКтын ишканаларында 55 миңге жакын кызматкер эмгектенет. Жатаканаларда жашоо жана кызматкерлер үчүн толук социалдык пакет берилет.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө «КАМАЗ» ЖАКтын өкүлдөрү компания тууралуу презентация жасап, анда кызматкерлердин эмгек шарттары, жашоо шарттары, эмгек акылары, социалдык кепилдиктери жана карьералык келечеги тууралуу кеңири маалымат берилди. Жатаканаларга жайгаштыруу жана кызматкерлерге толук социалдык пакет камтылган. Ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү, транспорт, медициналык тейлөө жана эмгекти коргоо маселелери каралды.

 

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жана «КАМАЗ» ЖАКтын адистеринен кеңеш ала алышты.

 

Бош орундардын онлайн жарманкеси чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен «КАМАЗ» ЖАКтын эмгек миграциясы жаатында кызматташуусунун ийгиликтүү мисалы болуп калды. Келечекте Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында ушундай иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

 

«КАМАЗ» ЖАКтын бош орундары жана иштөө шарттары тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн Сиз жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна +996 (312) 64-17-64 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.