Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жеке агенттиктер үчүн жаңы жобо боюнча таанышуу тренингин өткөрдү

28 Апрель 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жеке агенттиктер үчүн жаңы жобо боюнча таанышуу тренингин өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Тилектештик борборунун (Центр Солидарности) көмөгү менен иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер (ЖИА) үчүн таанышуу тренингин уюштурду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы №49 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун» ченемдерин түшүндүрүүгө арналды.


Тренингдин жүрүшүндө Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү катышуучуларды ченемдик укуктук актыдагы төмөнкү негизги өзгөрүүлөр менен тааныштырышты:


-чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүк үчүн уруксат алуунун жана анын мөөнөтүн узартуунун жол-жоболору;
-ишке орноштуруу процесстерин документтик коштоо боюнча талаптар;
-белгиленген ченемдерди сактоону көзөмөлдөөнүн жана жоопкерчиликтин механизмдери.


ЖИАлардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугу жана мыйзамдуулугу, ошондой эле чет өлкөдө ишке орношууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Тилектештик борборунун өкүлдөрү эл аралык ишке орноштуруунун коопсуз жана эффективдүү каналдарын түзүү үчүн мамлекеттик түзүмдөр менен жеке агенттиктердин ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.


Тренингдин катышуучулары кесиптик компетенттүүлүктү жогорулатуу жана өз ишмердүүлүгүндө укуктук ченемдерди сактоо үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти жана берилген маалыматтар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.


Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жеке агенттиктер менен өнөктөштүктү бекемдөө жана эл аралык ишке орноштуруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын укуктук жактан колдоону камсыз кылуу максатында мындай маалыматтык окутуу иш-чараларын жүргүзүүнү улантат.


Кошумча маалыматтарды жана кеңештерди алуу үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237.
Байланыш телефону: +996 559 189 900 (WhatsApp).