Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда "Кыргызстан элинин Ассамблеясы" ассоциациясынын Кеңешинин делегациясы менен жолугушуу өттү

11 Август 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда "Кыргызстан элинин Ассамблеясы" ассоциациясынын Кеңешинин делегациясы менен жолугушуу өттү

2026-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Миграциялык ресурстук борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстан элинин ассамблеясы” ассоциациясынын Кеңешинин төрагасы Медер Рахман менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү катышуучуларды Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча ишке ашырылып жаткан программалар, жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү иштери, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган чаралар менен тааныштырышты.

Өз кезегинде Миграциялык ресурстук борбордун өкүлү аталган Борбор тарабынан аткарылып жаткан ишмердүүлүгү, анын негизги иш багыттары, ишке ашырылып жаткан долбоорлору, ошондой эле мигранттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө көрсөтүлүп жаткан консультациялык жана маалыматтык колдоо тууралуу маалымат берди.

“Кыргызстан элинин ассамблеясы” ассоциациясынын Кеңешинин өкүлдөрү жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу маселелеринде мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин жана өнөктөш уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өтүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташтыкты улантуу жөнүндө макулдашышты.