Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет элдик компаниянын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктады

25 Январь 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет элдик компаниянын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктады

2024-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Словакия Республикасына тиешелүү уруксат кагазы жок жеке агенттиктин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. 

 

Мониторингдин жүрүшүндө жетекчилери Словакия Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандары болгон чет өлкөлүк "Monto Corporation" компаниясы Словакия Республикасына автобус айдоочуларынын бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын жарандарынын ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталган. Ошол эле учурда чет өлкөлүк компания Кыргыз Республикасынын аймагында чарба жүргүзүүчү субъект катары катталбаган жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты жок, ошондой эле кызматкерлер үчүн социалдык коргоо жана эмгек коопсуздугунун кепилдиктерин камсыз кылбаган муну менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган.

 

Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо максатында кызматкерлер тарабынан аталган уюм менен чет өлкөгө жумушка тартуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзам бузуу фактысы боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чакырылып, анын жыйынтыгы менен компаниянын ишине бөгөт коюу жана аны жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү үчүн протокол түзүлгөн.

 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөдө иштөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кыраакы болууга жана абийирсиз агенттиктердин алдамчы сунуштарынан сак болууга чакырат. Жеке агенттикке кайрылуунун алдында анын жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүгө уруксат кагазы бар-жоктугун текшерип, ошондой эле бош орун, эмгек келишимди жана жашоо шарттары, кызматкердин жана иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматты, ошондой эле конфликттик кырдаалда алардын укуктарын жана таламдарын коргоо ыкмалары  жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат алуу керек. Чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун www.migrant.kg сайтынан текшерсеңиз болот.

 

Жарандарды ишке орноштуруу борбору жарандардын кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү жеке агенттиктердин ишмердигине көзөмөлдү жана мониторингди активдүү улантат.

 

Эмгек миграция маселелери боюнча кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна  төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Бишкек ш., Токтогул көч., 237, тел.: (0312) 65-02-62, Ош ш.,  Ленина көч., 221, тел.:03222 5 66 32, www.migrant.kg сайты.