ЖЧӨИОБ жана МРБ Жалал-Абад облусунда “Коопсуз миграция кербенин” өткөрүштү: жарандарды коопсуз миграция жана алдамчылыктан коргоо тууралуу маалымат берилди

27 Сентябрь 2024
ЖЧӨИОБ жана МРБ Жалал-Абад облусунда “Коопсуз миграция кербенин” өткөрүштү: жарандарды коопсуз миграция жана алдамчылыктан коргоо тууралуу маалымат берилди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (ЖЧӨИОБ) тарабынан Мигранттар үчүн ресурстук борбору (МРБ) менен биргеликте Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун 100-жылдык маарекесине арналган Жалал-Абад облусунун 6 районунда жана 5 шаарында «Коопсуз миграция кербени» аталышындагы маалыматтык түшүндүрүү иш-чараларын өткөрдү.

Жолугушуулардын негизги максаты алыста жайгашкан район-шаарлардын жашоочуларына коопсуз эмгек миграциясына даярдануу, бул багыттагы тиешелүү мыйзам талаптары,  адамдар көбүнесе интернет булактары аркылуу кабылып калуучу алдамчылык фактыларынын алдын-алуу, ЖЧӨИОБдун migrant.kg сайтынын функциялары,  эмгек мигранттарын  чет өлкөдө жумушка орноштуруунун  эрежелери тууралуу маалымат берүү болду. 

Иш-чаралардын жүрүшүндө Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери тарабынан катышуучуларга жогоруда көрсөтүлгөн маселелер менен бирге төмөнкү суроолор боюнча да кенен маалыматтар берилди:

  • Ар түрдүү мамлекеттерде, анын ичинде  Түштүк Корея, Улуу Британия, Европа өлкөлөрүндө, жумушка орношуу;
  • Жумушка орношууга көмөк көрсөтүүчү жеке агенттиктер аркылуу чет өлкөлөрдө ишке жайгашуунун этаптары; 
  • Расмий катталган жана уруксат алган жарандарды чет өлкөлөрдө иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктердин тизмеси;
  •  www.migrant.kg   тиркемеси жана migrant.kg расмий сайты аркылуу Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен өзүн текшерүү мүмкүнчүлүгү;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун коопсуз миграция жана иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктер тууралуу маалымат берүүчү, ишке жөнөөдөн алдыңкы даярдоонун онлайн курстарынан акысыз өтүүгө мүмкүндүк берүүчү    www.migrant.kg  расмий мобилдик тиркемесинин өзгөчөлүктөрү;  
  • Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү бардык элчиликтеринин, консулдуктарынын, кыргыз диаспораларынын даректери жана  байланыш каражаттары жана башка пайдалуу ресурстар.

Мигранттар үчүн ресурстук борбордун өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча акысыз кеңештер берилээрин билдиришти:

  • Чет өлкөлүк иш берүүчүлөр менен түзүлгөн эмгек келишимдерин текшерүү;
  • Чет өлкөлөрдөгү алдамчылык эмгек келишимдеринин тобокелдиктери жана онлайн алдамчылыктан сактануунун жолдору;
  • Расмий виза борборлору, элчиликтер жана коопсуз миграциянын башка аспектилери боюнча кеңештер. 

«Коопсуз миграция кербени» Жалал-Абад облусунун төмөнкү алты районунда жана 5 шаарында  өткөрүлдү:

16 сентябрда Ноокен райондук мамлекеттик акимчилигинде; 
✅16 сентябрда Таш-Көмүр шаарынын мэриясында; 
✅17 сентябрда Кара-Көл шаарынын мэриясында; 
✅17 сентябрда Токтогул райондук мамлекеттик акимчилигинде; 
✅19 сентябрда Тогуз-Торо райондук мамлекеттик акимчилигинде; 
✅20 сентябрда Жалал-Абад шаарындагы №75 профессионалдык лицейинде;

✅23 сентябрда Аксы райондук мамлекеттик акимчилигинде; 
✅24 сентябрда Ала-Бука райондук мамлекеттик акимчилигинде; 
✅24 сентябрда Чаткал райондук мамлекеттик акимчилигинде; 
✅25 сентябрда Шамалды-Сай шаарынын мэриясында; 
✅26 сентябрда Майлуу- Суу шаарынын мэриясында; 
✅26 сентябрда Кочкор-Ата шаарынын мэриясында.

Иш-чаралардын катышуучулар талкууланган маселелердин актуалдуулугун баса белгилешти жана мындай иш-чараларды айылдардын деңгээлинде да өткөрүүнүн зарылдыгын билдиришти. 

Алыскы район-шаарлардын жашоочуларынын коопсуз миграция тууралуу актуалдуу жана жетиштүү маалыматка ээ болуулары үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жана  Мигранттар үчүн ресурстук борборунун өкүлдөрү бардык маселелер боюнча кенен, толук маалыматтарды беришти жана аларга маалыматтык материалдарды таратышты.