Migrant.kg мобилдик тиркемеси аркылуу коопсуз миграция тууралуу кененирээк маалымат алыңыз!

18 Декабрь 2023
Migrant.kg мобилдик тиркемеси аркылуу коопсуз миграция тууралуу кененирээк маалымат алыңыз!

18-декабрда белгиленүүчү Мигранттардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин “Борбор Азиядагы коопсуз миграция” долбоору мигранттар үчүн пайдалуу мобилдик тиркемени иштеп чыкты.

 

Migrant.kg - коопсуз миграция процесси, чет өлкөдөгү вакансиялар, жеке ишке орноштуруу агенттиктери, Россия Федерациясындагы кара тизмеден өзүңүздү текшерүү мүмкүнчүлүгү  тууралуу жана башка кеңири маалыматты камтыйт, ошондой эле, кетээр алдында уникалдуу онлайн курсун сертификат алуу мүмкүнчүлүгү менен өз алдынча өтсөңүз болот. 

 

Эгерде сиз эмгек миграциясына барууну пландап жатсаңыз, анда бүгүн Migrant.kg мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз жана коопсуз миграция тууралуу кабардар болуңуз.

 

Мобилдик тиркемени жүктөп алуу үчүн төмөнкү шилтемеге өтүңүз:

iOS колдонуучулары үчүн: https://apps.apple.com/tr/app/migrant-kg/id6465895187 

Android колдонуучулары үчүн: https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.migrant