Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатуу менен күрөшүү күнүнүн алкагында адам сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды

27 Июль 2023
Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатуу менен күрөшүү күнүнүн алкагында адам сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды

2023-жылдын 25-июлу Бишкек, Кыргыз Республикасы – Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатуу менен күрөшүү күнүн алдында, USAIDдин Винрок Интернэшнл ишке ашырып жаткан «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» долбоору өнөктөштөрү менен биргеликте, мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар тарабынан адам сатуу менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө пресс-таңкы тамак уюштурду.

 

 

Пресс-таңкы тамактанууга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин («ЭСКММ») Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, кризистик борборлордун, жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышып, адам сатуунун курмандыктарынын абалын талкуулашты. Катышуучулар адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү, жабырлануучулардын идентификациясын жакшыртуу, кылмыштын бул түрү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууну күчөтүү аркылуу жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

 

 

"АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2023-жылдагы адамдарды сатуу жөнүндө докладына ылайык, Кыргыз Республикасы тизмеде дагы эле экинчи орунда турат [экинчи орун - өкмөт адам сатуунун курмандыктарын коргоо боюнча минималдуу стандарттарга толук жооп бербейт, бирок олуттуу аракеттерди жасайт дегенди билдирет], ошол эле учурда адам сатуунун алдын алуу жана айыптоо боюнча олуттуу аракеттер белгиленди. Ошентип, 2022-жылы адам сатуу жана ага байланыштуу башка кылмыштар боюнча 30 кылмыш иши козголгон, бул мурунку отчеттук жылдарга салыштырмалуу бир кыйла жогору”, - деп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Эл аралык юридикалык кызматташтык департаментинин башчысынын орунбасары, Тилек Кудаяров билдирди.

 

 

Адам сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, 2023 жылы мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жарандык коомдогу эки уюмду колдоду.

 

 

"Адам сатуунун курмандыктарына жардам берүү адам сатууга каршы күрөшүүнүн маанилүү аспектиси болуп саналат. Жабыркагандарга түздөн-түз жардам көрсөтүү максатында, анын ичинде башпаанек кызматтарды, ЭСКММ 2026-жылга чейин Мамлекеттик социалдык заказдын программасынын алкагында жарандык коом уюмдарын колдойт", - деп ЭСКММнин орунбасары Алыбаева Жаныл Ишенбековна билдирди.

 

 

USAIDдин Винрок Интернэшнл ишке ашырган «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» (мындан ары "долбоор") долбоорунун алкагында кризистик борборлор жана жарандык коом уюмдары  тарабынан адам сатууну курмандыктарынан 98и аныкталган, алардын 71-и аялдар, 27-си эркектер. Жабыркагандардын көбү Кыргызстанда, ошондой эле башка өлкөлөрдөгү эмгек жана сексуалдык эксплуатацияга байланыштуу.

 

 

Адам сатуунун алдын алуу максатында, долбоор  Кыргыз Республикасынын ЭСКММнин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору үчүн www.migrant.kg сайтын түзүүдө колдоду, сайт аркылуу мигранттар чет өлкөдө коопсуз жумушка орношуу жөнүндө актуалдаштырылган маалыматтарды алып, ыкчам линиянын операторлору менен миграция жөнүндө суроолор боюнча  байланышып, ошондой эле борбор тарабынан көрсөтүлүүчү башка кызматтарды ала алышат. Кетип жаткан мигранттар үчүн 9 маалыматтык киосктор (LED панельдер) Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад аэропортторунда  жана жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунда жайгаштырылган, ошондой эле Бишкектеги темир жол бекетине led-панелди жайгаштыруу күтүлүүдө.

 

 

Долбоор тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ЭСКММнин, кризистик борборлордун кызматкерлерин, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрүн окутууга колдоо көрсөттү. Тактап айтканда, Бишкек жана Ош аэропортторунун, авиакомпаниялардын жана мейманканалардын кызматкерлери адам сатуунун белгилерин аныктоого жана аларга жардам көрсөтүүгө үйрөтүлдү.

 

 

Долбоор жаштарды коопсуз жана жоопкерчиликтүү миграцияга үйрөтүүгө жана адам сатуу коркунучтары жөнүндө маалымдоого багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзөт. Бүгүнкү күндө 4812 адам, анын ичинде мектеп-интернаттардын бүтүрүүчүлөрү, угуу жөндөмү начар, кесиптик мектептердин жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окуучулары камтылды. Ошондой эле 50дөн ашык видео материалдар, анын ичинде чет өлкөдө иштеген мигранттардын жана адам сатуунун курмандыктарынын катышуусу менен 4 миллионго жакын көрүүлөрдү камтыган документалдык тасмалар чыгарылды.

 

 

Бул иш-чара жыл сайын 30-июлда белгиленип турган Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күндүн алкагында уюштурулган.

 

----------------------

 

USAID тарабынан каржылануучу Борбордук Азиядагы коопсуз миграция долбоору  Winrock International тарабынан Борбордук Азиянын төрт өлкөсүндө ишке ашырылат. Долбоордун максаты өкмөттөрдүн, жарандык жана жеке секторлордун потенциалын жана өз ара жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу адамдарды сатууга каршы туруу, жабыркагандарды коргоо жана коопсуз миграцияга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Долбоор USAIDдин Азия өлкөлөрүндөгү адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар комплексинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Кеңири маалымат Борбордук Азиядагы USAIDдин веб-сайтында https://www.usaid.gov/central-asia-regional жана Фейсбук баракчасында жеткиликтүү: https://www.facebook.com/USAIDCentralAsia/ .