Бишкек шаарында корей тилин билүү дэңгээлин аныктоо тестирлөөгө каттоо башталды

15 Сентябрь 2023
Бишкек шаарында корей тилин билүү дэңгээлин аныктоо тестирлөөгө каттоо башталды

Бүгүн, 2023-жылдын 8-сентябырында Бишкек шаарында Корея Республикасына ишке орношуу үчүн корей тилин билүү боюнча жыл сайын өтүчү тестирлөөгө катышуу үчүн жарандардан документтерин кабыл алуу өтүп жатат.

 

🗓 Кабыл алуу 7-сентябрь Ош шаарында болуп өттү, бүгүн Бишкек шаарында уланып жатат.

 

💰 Корея Республикасында орточо эмгек акы 1 800 АКШ долларын түзөт, жашаган жери жана тамак-ашы (толук же жарым-жартылай) иш берүүчүнүн эсебинен жабылат.

 

☝ Программанын негизги талабы-корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү.

 

EPS программа боюнча Кореяга 18 жаштан 39 жашка чейинки кыргыз жарандар катыша алышат.

 

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жана чектик балл алган кыргыз жарандары кошумча көндүмдөрдү аныктоо боюнча экинчи сынактын этаптабынан өтүшөт:

1. аңгемелешүү

2. физикалык тест (түс сокурдук)

3. негизги көндүмдөрдү текшерүү

4. компетентүүлүк тести

 

Жогоруда аталган этаптардан өткөндөн кийин талапкерлер изденүүчүлөрдүн реестрине киргизилет жана бул тизме Кореянын Эмгек министриги менен байланышкан электрондук базага коюлат.

 

Эгерде кореялык иш берүүчү өзүнө керектүү талапкерди айтылган базадан тандаса, кореялык тарап тандалып алынган кыргыз жарандардын тизмесин жөнөтөт жана биздин жарандар белгилүү бир тармакта иштөөгө жана белгилүү бир адистик боюнча иштөгө макул болгондон кийин гана келишим түзүлөт.

 

Талапкер эмгек келишимне кол койгондон кийин Жарандарды, чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору Кореянын маданиятын, иш менен камсыз кылууга уруксат берүү системы жонундөн, өндүрүштүк коопсуздук, ошондой эле атайын предметтерден турган алдын ала окутууну жүргүзөт.