Ош шаарында кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана анын жоюунун эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

29 Август 2024
Ош шаарында кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана анын жоюунун эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Бабур атындагы театрда Кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана анын жоюунун эл аралык күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чара «Адам сатууга каршы 100 күн» маалыматтык өнөктүгү алкагында өткөрүлдү.
Иш-чарада жергиликтүү мекеме-ишканалардагы жана чет өлкөлөрдөгү жумуш орундары боюнча жарманке уюштурулуп, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Борбордун ишмердүүлүгү, адам сатуунун курмандыгын алдын алуу жөнүндө маалыматтар берилди.
Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров менен КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Курбаналиев коопсуз миграция тармагында ийгиликтүү иш алып барган мекеме-уюмдардын, алардын катарында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймактык бөлүмүнүн да, салымын белгилешип, Ардак грамота жана ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.
Ошондой эле, темага байланыштуу театрлаштырылган спектакль, концерттик программа тартууланып, волонтердук уюмдар тарабынан флешмобдор көрсөтүлдү.