Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” аталышындагы жалпы маалыматтык иш-чара өткөрүлдү

31 Октябрь 2023
Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” аталышындагы жалпы маалыматтык иш-чара өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинде Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” аталышындагы жалпы маалыматтык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкери, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өлкүлү  жана мугалимдер, студенттер катышышты. 

 


Иш чаранын жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкери тарабынан Борбордун ишмердүүлүгү, коопсуз миграция, кулчулукка кабылып калуунун алдын алуу жана migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура жана жеткиликтүү колдонуу тууралуу маалыматтар берилди.