Адамдарды сатууга жана коопсуз миграцияга каршы күрөшүү боюнча маалыматтык кампаниянын алкагында адамдарды сатуунун жана коопсуз миграциянын тобокелдиктери жөнүндө жарандарга маалымдоого арналган тематикалык брошюралар иштелип чыкты

15 Сентябрь 2023
Адамдарды сатууга жана коопсуз миграцияга каршы күрөшүү боюнча маалыматтык кампаниянын алкагында адамдарды сатуунун жана коопсуз миграциянын тобокелдиктери жөнүндө жарандарга маалымдоого арналган тематикалык брошюралар иштелип чыкты

Адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана коопсуз миграция боюнча маалыматтык компаниянын алкагында адамдарды сатуунун жана коопсуз миграциянын тобокелдиктери жөнүндө жарандарга маалымдоо үчүн тематикалык брошюралар иштелип чыгып, даярдалган.

 

Адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана коопсуз миграцияны камсыз кылуу долбоорунун алкагында брошюраларды таратуунун максаты - коомчулукка адамдарды сатуу тобокелдиктери жана миграция процессинде коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгы жөнүндө эскертүүдө турат.

 

Брошюралар адамдарды сатуунун белгилери жана кесепеттери, тартуунун жана эксплуатациялоонун ыкмалары жөнүндө, ошондой эле жарандардын өзүн жана жакындарын кантип коргоого, тобокелдүү кырдаалга туш болуусун болтурбоого жана бузулган учурда өз укуктарын коргоого боло тургандыгы жөнүндө баалуу маалыматтарды камтыйт.

 

🛫 🏩 Бул брошюралар  Avia Traffic жана Tez Jet компаниялардын эл аралык рейсинин учак салондорунда, ошондой эле  Park Hotel, City Hotel, Classic, Hotel Bridges Bishkek, Tes Hotel, SunRise Osh отелдерде жана конок үйү Эко Дом номерлеринде жана ресепшндеринде жайгаштырылган.
Жүргүнчүлөр жана коноктор үчүн жеткиликтүү болушу мүмкүн болгон учак салондорунда жана мейманканаларда брошюраларды таратуу кеңири аудиторияга, анын ичинде жергиликтүү тургундарга жана туристтерге жетүүгө мүмкүндүк берет. Брошюралар аркылуу биз бул маселе боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана адам сатуунун алдын алуу жана коопсуз миграцияны камсыз кылуу үчүн пайдалуу кеңештерди жана маалыматтарды берүүгө умтулабыз.

 

🤝 Биз Avia Traffic жана Tez Jet авиакомпанияларына жана Park Hotel, City Hotel, Classic, Hotel Bridges Bishkek, Tes Hotel, SunRise Osh жана Эко Дом конок үйүнө раазычылык билдиребиз,  активдүү колдошуп брошюраларды өзүнүн кардарларынын жана меймандары арасында жайылтууга.

 

Биз адам сатуу жана коопсуз миграция сыяктуу маанилүү глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө өнөктөштүктүн жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн түшүнөбүз, чогуу биз абалды жакшыртуу жана мекендештерибиздин жана адам сатуу тобокелдигине туш болгондордун укуктарын коргоо багытында олуттуу кадамдарды жасай алабыз.