Орусияда миграциялык каттоонун жаңы тартиби күчүнө кирди

31 Октябрь 2023
Орусияда миграциялык каттоонун жаңы тартиби күчүнө кирди

2023-жылдын 26-октябрынан тартып Россияда чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык каттоону жүзөгө ашыруунун актуалдаштырылган тартиби күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Атап айтканда, азыр чет өлкөлүк жарандарга "мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды (функцияларды) көрсөтүүнүн Бирдиктүү порталы" федералдык мамлекеттик маалыматтык системасын колдонуу менен өздөрүнүн жашы жете элек балдарынын убактылуу жүргөн жерине келгени жана келгени тууралуу РФнын миграциялык каттоо органдарына электрондук түрдө өз алдынча кабарлоого укук берилди: https://www.gosuslugi.ru/

 

Турак жайды ижаралоо келишимин түзүүдө чет өлкөлүк жарандар менчик ээсинин кошумча макулдугусуз келишимде көрсөтүлгөн өздөрүнүн жашы жете элек балдарынын келгендиги жөнүндө өз алдынча (жеке өзү  электрондук формада) билдирүү бере алышат.

 

Миграциялык каттоону ишке ашыруунун жаңы тартиби күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын РФдагы элчилигине чет өлкөлүк жарандарды каттоого тургузууга турак жайдын менчик ээси тарабынан арыз берүүдө болгон техникалык кыйынчылыктар жөнүндө, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы үзгүлтүктөр жана каттоого туруу фактысынын ырасталышын көпкө күтүү менен байланышкан мекендештерден кайрылуулар келип түшүүдө. Россиядагы чет өлкөлүк жарандардын көптүгүн жана миграциялык мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдүн жаңылыгын эске алып, Тышкы иштер министрлиги бул кыйынчылыктар убактылуу мүнөзгө ээ деп эсептейт.

 

Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарына көрсөтүлгөн жаңылыктар Россия тарабынан, анын ичинде кыргыз тараптын сунуштарын эске алуу менен кабыл алынды. РФнын "Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө" Федералдык мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге жана тийиштүү федералдык мыйзам кабыл алынганга чейин КР ТИМи Кыргыз Республикасынын жарандарын миграциялык каттоого коюу процедурасын жөнөкөйлөтүү үчүн Россия тарап менен иш жүргүзгөн.

 

Маалымат булагы: КР ТИМ расмий сайты