- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жакырчылыкты жоюу максатында, 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет, ага 2 млрд сом каралды /
Жакырчылыкты жоюу максатында, 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет, ага 2 млрд сом каралды
23 Ноябрь 2023
Акылбек Жапаров: “Жакырчылыкты жоюу максатында, 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет, ага 2 млрд сом каралды”
Социалдык коргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар: 2 жылда үч этап менен көтөрүлдү. Мындан тышкары Президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары башталды. 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди, натыйжада: 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшыртып, 30 миңдей жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилет, ага 2 млрд сом каралды.