Жалал-Абад облусунда кыргыз мигранттары тууралуу жаңы электрондук маалымат базасынын статистикасын пилоттоштуруу иши аяктады

05 Декабрь 2023
Жалал-Абад облусунда кыргыз мигранттары тууралуу жаңы электрондук маалымат базасынын статистикасын пилоттоштуруу иши аяктады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жергиликтүү деңгээлдеги мигранттардын агымы боюнча маалыматтарды чогултуунун жана эсепке алуунун жаңы куралы болгон «Мигранттарга камкордук» пилоттук долбоорунун жыйынтыгын текшерди.

 

Долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 6 айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет өлкөдө эмгектенген жарандар тууралуу маалыматтар чогултулган. 


Бүгүнкү күндө 6 миңден ашуун эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү маалымат базасына киргизилген, бул миграция жаатындагы статистиканы так көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

 

Кийин бул системаны бүткүл республиканын аймагына жайылтуу пландаштырылууда. Бул мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн масштабдуу эсебин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, миграциялык агымдар жөнүндө статистиканы көрсөтөт жана миграцияны жөнгө салуу жана Кыргызстандын калкынын арасында коопсуз миграцияны илгерилетүү жаатында тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн мамлекетке мүмкүнчүлүктөрдү берет.

 

Иш-чарага ошондой эле Жалал-Абад облусунун акимдери жана акимдердин орун басарлары катышты.

 

Маалымат үчүн: 2023-жылдын август айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Аймира” коомдук фонду менен биргеликте “Мигранттарга кам көрүү” долбоорунун алкагында, Winrock International тарабынан “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосунда пилоттук долбоорун баштаган.