Корея Республикасында иштөөнү каалаган жарандардын назарына!

07 Февраль 2024
Корея Республикасында иштөөнү каалаган жарандардын назарына!

2024-жылдын 4-5-мартында Бишкек шаарында жана 6-7-мартында Ош шаарында Корея Республикасында E-9 визасынын негизинде төмөнкү багыттар боюнча болжолду саны менен иштөөнү каалаган жарандардга каттоо өтөт:

🔹4107 өндүрүштө

🔹389 айыл чарбасында

🔹295 тейлөө тармагында (негизинен аялдар үчүн) (мейманкана жана ашканада иштөө)

 

👉Эсиңиздерге салабыз!

 

📍Талапкерлердин саны жогорудагы квотага жеткенде каттоо процесси токтотулат.

📍Талапкерлер жогоруда көрсөтүлгөн тармактардын бирин гана тандашы керек.

📍Эгерде талапкерлердин саны белгиленген жумушка кабыл алуу квотасына жетпесе, анда тандоо процесси кайрадан жүргүзүлүшү мүмкүн.

2024-жылдын 4-5-мартында Бишкек шаарында жана 6-7-мартында Ошто Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан офлайн каттоо пландалууда, ага жарандар алдын ала берилген шилтеме аркылуу анкетаны толтуруп, жана кийинки реквизиттер менен тестирлөөгө катышуу үчүн 28 АКШ долларын төлөө

 

🔹Требования к участникам программы:

1️⃣ Кыргыз Республикасынын жарандары;

2️⃣ 18 жаштан 39 жашка чейин (туулган күнү 5-март, 1984-жыл ~ 4-март, 2006-жыл чегинде);

3️⃣ корей тилин билүү;

4️⃣ Кыргыз Республикасынан чыгуу боюнча чектөөлөрү жок;

5️⃣  кара жумушка жана монотондуу иштерди аткарууга медициналык каршы көрсөткүчтөрү жок;

6️⃣ буга чейин Корея Республикасынан депортацияланбаган;

7️⃣ Корея Республикасында Е-9 жана Е-10 визаларынын түрлөрү боюнча жалпысынан 5 жылдан ашык жүрүү тарыхы жок;

 


 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тесттен ийгиликтүү өткөн жарандардын Корея Республикасында иштөөсүнө кепилдик бербейт.

 

☎️Кошумча маалымат алуу үчүн: 0312 65 02 51, 0312 64 17 64

🔻 Биздин жаңылыктарга көз салыңыз