Улуу Британияга жумушка орношуу боюнча ишеним телефону кайрадан иштей баштады

15 Май 2024
Улуу Британияга жумушка орношуу боюнча ишеним телефону кайрадан иштей баштады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө  ишке орноштуруу борборунда өнөктөшү  Миграция боюнча эл аралык уюмунун (МЭУ) колдоосу менен жарандарга Улуу Британияда сезондук ишке орношуу маселеси боюнча Ишеним телефону кайрадан ишке кирди.

 

2024-жылдын биринчи кварталында Сезондук жумушчу программасынын алкагында бул Ишеним телефону аркылуу 6250 жаранга консультация берилди.

 

 

📞 Улуу Британияда ишке орношуу боюнча Ишеним телефон номерлери:

+996 227 550 332

+996 224 550 332