Жумушка орношуу боюнча жолугушуу: Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Свердлов облусундагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо

31 Октябрь 2023
Жумушка орношуу боюнча жолугушуу: Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Свердлов облусундагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев Свердлов облусунун Эмгек жана калкты ишке орноштуруу департаментинин директору Антонов Дмитрий Алексеевич менен жолугушту.

 

Жолугушуу губернатордун орун басары В.В. Козлов жетектеген Свердлов облусунан келген делегациянын иш сапарынын алкагында болуп өттү жана экономиканын ар кыл тармактарына ишке орношуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын Свердлов облусуна ишке тартуу маселелерин талкуулоого арналды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын Свердлов облусунда ишке орноштурууга байланыштуу маанилүү маселелер көтөрүлдү. Металл иштетүү, курулуш, аялдар үчүн тазалоо/ашкана жана жеңил өнөр жай/тигүү ишканалары сыяктуу тармактарга басым жасалды. Тараптардын кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган чөйрөлөрдө ишке орноштурууга болгон кызыгуусу жогору болгон.

 

Талкуунун жүрүшүндө Свердлов облусунун ишканалары жана уюмдары Кыргыз Республикасынан квалификациялуу кадрларга муктаждыкты сезип жаткандыгы белгиленди. Региондор ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

 

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана Кыргыз Республикасынан Свердлов облусуна квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө макулдашууга жетишишти. Бул маселелер боюнча иш эки өлкөнүн тийиштүү уюмдары жана ведомстволору ортосундагы мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн жана консультациялардын алкагында улантылат.

 

Ошентип, бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, ошондой эле экономиканын ар кыл тармактарында жарандарды ишке орноштуруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жолундагы маанилүү кадам болуп калды.

 

 

Толук маалыматты  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан (дареги: Бишкек ш., Токтогул көч., 237 т.:+996 312 64 17 64) ала аласыздар