- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Корея Республикасынын делегациясы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты /
Корея Республикасынын делегациясы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты
2026-жылдын 23-ноябрында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин Чет өлкөлүк жумушчу күчү боюнча департаментинин жана Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын (HRDK) өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордун негизги иш багыттары, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча ишке ашырылып жаткан программалар, талапкерлерди тандоо жана даярдоо тартиби, ошондой эле чет өлкөлүк иш берүүчүлөр менен жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасына уюшкан түрдө ишке орноштуруу программасынын ишке ашырылышы, учурдагы иш процесстери жана программанын алкагындагы кызматташтыктын айрым маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун алкагында кореялык делегациянын өкүлдөрү Борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, чет өлкөлөрдө жарандарды уюшкан түрдө ишке орноштуруу маселелери боюнча пикир алмашышты.
Делегациянын иш сапары эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Корея Республикасында мыйзамдуу жана коопсуз эмгектенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.




